2-ноябрга карата өлкөдө 214 кылмыш, 150 жорук катталды
Кыргыз Республикасынын аймагында абал туруктуу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан толук көзөмөлдөнүп жатат. Ал эми өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу ички иштер органдарынын кызматкерлери башка укук коргоо органдары менен бирге кылмыштарды аныктоо, бөгөт коюу жана бетин ачуу боюнча иштерди жүргүзүп жатышат.
Республика боюнча 2-ноябрга карата Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 214 кылмыш, 150 жорук каттоого алынган. Кылмыштарды жана жоруктарды тыкыр иликтөө боюнча тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Ошондой эле ички иштер органдарынын кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ыктыярдуу элдик кошуундар менен биргеликте коомдук тартипти сактоону камсыздоо боюнча алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө.
