super.kg logo

БШКнын Жогорку Сотко келген кассациялык даттануусу артка кайтарылды

 

БШКнын Жогорку Сотко келип түшкөн кассациялык даттануусу артка кайтарылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалыматка ылайык, БШКнын кассациялык даттануусу административдик-процесстик кодексинин талаптарына жооп бербегендигине байланыштуу кайра кайтарылды.

Буга чейин БШК Бишкек шаарынын административдик сотунун шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу боюнча чыгарган чечимине каршы экенин билдирип, 26-октябрда Жогорку Сотко кассациялык доо арызы менен кайрылган.

Окуянын чоо-жайы:

6-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. БШК кайра шайлоонун мөөнөтүн 2020-жылдын 20-декабрына белгилеген.

Бишкек шаарынын административдик соту, 24-октябрда БШКнын 21-октябрдагы кайра шайлоонун мөөнөтүн дайындоо боюнча кабыл алган чечимин жокко чыгарган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: