super.kg logo

Садыр Жапаров шайлоо өнөктөштүгүндө административдик ресурс колдонууга жол берилбей тургандыгын айтты

 

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Ош шаарынын жана облустун активи менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чогулгандардын алдында Садыр Жапаров көпчүлүк жарандарды кызыктырган 10-январга белгилеген президенттик шайлоо боюнча суроого өзүнүн позициясын билдирип, шайлоого талапкер катары катышарын кошумчалады.

"Президенттик шайлоонун мөөнөтүн эмне үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы белгиледи деген суроолор айтылууда. Жогорку Кеңеш өз убагында президенттик шайлоонун датасын белгилей алышкан жок. Ошондуктан бул милдет автоматтык түрдө Борбордук шайлоо комиссиясына өттү. Мыйзам чегинде БШК шайлоо күнүн белгиледи. Мен буга чейин билдиргенимдей, шайлоого катышам. Президенттин ыйгарым укуктарын аткарып жаткан адам – мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоодо президенттин кызмат ордуна талапкер болууга укуксуз. Ошондуктан өзүмдүн ыйгарым укуктарымдын баарын мыйзам чегинде өткөрүп берип, кадимки жаран катарында катышам", - деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле шайлоо өнөктүгүндө административдик ресурс колдонууга жол берилбей турганын белгиледи.

"Шайлоолордогу эң жаман, элдин бөтөнчө кыжырын келтирген көрүнүш - бул административдик ресурс. Мен өзүм муну менен биринчилерден болуп күрөшөм. Буга чейин эч бир кызматтык коррупциялык иштерге аралашкан жокмун. Тескерисинче анын курмандыгынын бирөөсү, мен болдум. Элдин үнүн бийликке жеткирем деп жүрүп – камалдым. Бирок Кудай бар экен, элим бар экен - баарын өз ордуна коюп койду. Элден айланса болот. Баарыңыздарга түбөлүк башымды ийип таазим этем", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(5)
03.11.2020. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Жапаров шайлоодон женип чыгат Иншаллах
03.11.2020. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bekov01,кудайым буйурса!
03.11.2020. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
С. Жапаров ийгилик женишине чыныгы мекенчил Лидер К. Ташиев олтуратко ийгилик Ташиевкеда
03.11.2020. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кудайым буюрса Кыргыз элинин Президенти болот Садыр Жапаров
03.11.2020. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маска бекер таратылса керек э чогулгандарга.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: