Токмок шаардык оорукананын оңдоп-түзөө иштерине 45 миллион 700 миң сом сарпталды








Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Токмок шаардык ооруканасындагы дарыгерлер менен өткөн жолугушуусунда COVID-19 пандемиясы күч алып турган кыйынчылык учурда мамлекетебизге колдоо көрсөткөн дарыгерлерге жана ыктыярчыларга таазим кылабыз деп билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Вице-премьер-министр белгилегендей, коронавирус илдетинин алдын алуу жана илдетти жайылтпоо максатында алдын-ала даярдыктар көрүлүүдө, Чүй облусу гана эмес, бүтүндөй республика боюнча ооруканалардын даярдыгы текшерилмекчи.
"Учурда дары-дармек каражаттары боюнча запастар, кыска мөөнөткө, алдыдагы 2-3 айга жетиштүү деген маалыматка карата келечекте республика боюнча толук маалыматты камтыган атайы сайт түзүлүп, анда ар-бир дарыгердин муктаждыгы, дары-дармектер кандай иретте бөлүштүрүлүп жаткандыгын көзөмөлгө алуу пландаштырылууда. Мунун бардыгы мындан ары текшерүүгө алынат, ачык-айкындык менен иш алып баруу – биздин негизги милдетибиз", - деди Эльвира Сурабалдиева.
Жолугушуунун соңунда вице-премьер-министр Токмок шаардык ооруканасынын аймак боюнча коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүдөгү өзгөчө ордун белгилеп, дарыгерлер жамаатынын ишине ийгиликтерди каалап, кандай маселелер болсо тийиштүү органдар менен биргеликте көмөк кылууга даяр экендигин билдирди.
"Токмок шаардык ооруканасы 216 орунга эсептелген, анын капиталдык ремонтуна 45 миллион 700 миң сом сарпталган. Имараттын жана откананын эски чатыры жана электр тутумдары алмаштырылган. Мындан тышкары, ички жана тышкы суу түтүктөрү менен канализациясы кайрадан жасалып, саркынды сууларды чогултуучу жай орнотулган. Оорукана тийиштүү эмеректер менен жабдылган", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
meku9205

03.11.2020. 17:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы келиптир бирок кирип чыктын деген деле акча алышат
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.