super.kg logo

Салык кызматы: "Салык боюнча план октябрь айында 1 миллиард 400 миллион сомго ашыгы менен аткарылды"

 

2020-жылдын январь айынан октябрь айына чейин жалпы 62 миллиард 646 миллион 100 миң сом салык жыйналды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Алдын ала маалымат боюнча, мамлекеттик салык кызматы тарабынан 2020-жылдын октябрь айында 7 миллиард 590 миллион 900 миң сом суммасында салыктар жана төлөмдөр жыйналды. Белгиленген план 123,4 пайызга аткарылып, 1 миллиард 440 миллион сомго ашыгы менен чогултулду", - деп жазылган билдирүүдө.

2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 839 миллон 500 миң сомго көбөйгөн. Жалпысынан ушул жылдын 10 айында 62 миллиард 646 миллион 100 миң сом салыктар жана төлөмдөр жыйналган.

Белгилей кетсек, акыркы 5 айда салык кызматы тарабынан мамлекеттик бюджет боюнча артта калуулар 5 миллиард 700 миллион сомго кыскартылган. Себеби коронавирус пандемиясынан улам киргизилген чектөөлөрдүн айынан март, апрель жана май айларында салыктар боюнча план 6 миллиард 400 миллион сомго түшүп кеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
03.11.2020. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иштесе эле болот экенда!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: