Садыр Жапаров: "Эл менен акылдашмайынча эч кандай референдум болбойт"





Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Ош облусунун эли менен болгон жолугушуусунда жергиликтүү тургундардын президенттик жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү боюнча берилген бир катар суроолорго конституциянын ченемдердин негизинде өткөрүлө тургандыгы тууралуу жоопторун айтты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"Эмне үчүн президент менен Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгүн чогуу өткөрүүгө болбойт?" деген суроого жооп берди. Конституциянын 64-беренесине ылайык, өлкөнүн президенти гана Жогорку Кеңешке шайлоолорду дайындайт. Ошондуктан биринчи президенттик шайлоо өткөрүлүшү керектигин премьер-министр белгиледи.
"Эл менен акылдашмайынча эч кандай референдум болбойт. Баш мыйзамга киргизилүүчү өзгөртүүлөр боюнча ар бир жарандын сунушу эске алынат. Элдин эрки жана акыйкаттуулук - бул түбөлүктүү сөздөр. Мен үчүн элдин талабы, эрки жана бийлиги барынан улук", - деди Жапаров.
Ага кошумча Садыр Жапаров партиялык системде конституциялык реформа боюнча азыр тийиштүү эксперттер, адистер иштеп жаткандыгын билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.