super.kg logo

Казакстан мамлекеттик чек арада иштеп жаткан чектөө чараларын күчөттү

 

Казакстан мамлекеттик чек арада иштеп жаткан чектөө чараларын күчөттү. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Казакстандын аймагында жашап турууга уруксаты бар чет өлкөлүк жарандар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө чек арадан 90 күндө бир жолудан ашык эмес өтүүгө уруксат берилет (мурда 30 күн болгон). Бул чечим Казакстандын өкмөтүнүн алдындагы мекемелер аралык комиссия тарабынан кабыл алынды.

Ошондой эле 2021-жылдын 1-майына чейин 57 өлкөнүн жарандарына визасыз режимди токтотуу узартылды жана 2021-жылдын 1-январына чейин Кытай жана Индиядан келген транзиттик жүргүнчүлөрдүн Казакстандын аймагына 72 сааттык визасыз келиши узартылды.

Түркия менен эл аралык авиакаттамдарды ушул жылдын 9-ноябрынан тартып жумасына 33төн 20га чейин кыскартуу пландаштырылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: