"Жалпы 14 миллион 500 миң сом сарпталса, айыл элинен 800 миң сом чогулду". Таластын Көк-Ой айылындагы спорт комплексинин курулуш иши башталды
Таластын Көк-Ой айылындагы спорт комплексинин курулуш иши башталды. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 3-ноябрь күнү Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Бузурманкулов Талас районуна караштуу Көк-Ой айыл өкмөтүнө курула баштаган спорт комплексинин эл аралык деңгээлде өтө турган күрөш боюнча мелдештер өтүүчү залынын курулуш иштери менен таанышты.
"Бул спорт залдын курулуусуна Көк-Ой айылынын тургундары демилге көтөрүп чыгышкан. 2020-жылдын жаз айларында иш кагаздары аяктап, бүгүнкү күндө залдын пайдубалын куюу иштери жүрүп жатат. Аянты - 800 чарчы метр. Жалпысынан спорт залды салуу үчүн 14 миллион 500 миң сом сарпталат. Бүгүнкү күндө айыл элинен 800 миң сом чогулуп, жергиликтүү бюджеттен 1 миллион сом акча каражаты бөлүнгөн", - деп жазылат маалыматта.
