Жактоочу: "Алмазбек Атамбаевге бронхит диагнозу коюлуп, абалы начарлап кетти. Ал эртең сотко катыша албайт"
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге бронхит диагнозу коюлду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.
Анын айтымында, Алмазбек Атамбаевге өткөн аптада дарыгерлер тарабынан бронхит диагнозу коюлган. Ошол күндөн тарта анын абалы начарлап кетти.
"Бүгүнкү күндө Алмазбек Атамбаевдин ден соолугунун абалы эртеңки боло турган сот отурумуна катышууга жол бербейт. Өткөн аптадан бери оорусу күчөгөнүнө байланыштуу ден соолугу начарлап кетти", - деп билдирди Замир Жоошев.
Белгилей кетсек, мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин сот отуруму эртең саат 10:00до Биринчи Май райондук сотунда болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:08
2025-08-02

Рейтинг:
1

Кийнки иштегендерге чооң сабак болот!