super.kg logo

Садыр Жапаров жаңыланууну кабыл алгысы келбегендер конституциялык реформа жүргүзүүгө каршы чыгып жатышканын айтты

 

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында облустун активи менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө президенттин милдетин аткаруучу сот жана укук коргоо системин реформалоо керектигин белгиледи. Ошондой эле жаңыланууну кабыл алгысы келбегендер конституциялык реформа жүргүзүүгө каршы чыгып жатышканын кошумчалады.

"Конституциялык реформаларга тоскоолдук кылып, өздөрү каалагандай өткөрүп алалы деген күчтөр бар. Ошондуктан чагымчылдыкка алдырбого чакырам. Элдин дагы бир чоң талабы - бул адилеттүүлүк, айрыкча сот акыйкатсыздыгы жарандарыбызды кыйнап бүттү. Өтө бийик квалификациялык талаптар коюлуучу сот системинде: сабатсыз,күн карама адамдар иштеп жатат. Анын кесепети карапайым калкка оор тийип жатат. Ал эми укук коргоо органдары – буйрутма аткаргыч органга айланды. Ошондуктан сот жана укук коргоо органдарын реформалоого жетишебиз", - деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле коррупцияга каршы реалдуу стратегиялык кадамдар жасаларын кошумчалады.

"Коррупцияны эл жасабайт. Аны эл кызматындагы адамдар жасайт. Ошондуктан мыйзамдуулук жана туруктуулук керек. Мыйзамдуулук орносо миллиарддаган инвестициялар келет,
миңдеген жумуш орундары пайда болот, элдин кирешеси көбөйөт, контрабанда токтойт, акыйкаттык орнойт. Ошондой эле мамлекетибиз өнүгөт", - деди Жапаров.

Аларды чечүү боюнча тармактык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бир катар тапшырмалар берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
03.11.2020. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жапаровду колдойлу кыргыз элим!
Мына иштей баштаганы канчалаган коррупсиялык иштер ачылып жатат! Сокеге мына бул уурдап жатат десең деле тоготкон жоко,факты керек деп өлмүш болуп!
03.11.2020. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Иштеген адам любой условияда иштей берет бизге элди ойлогон кучтуу окмот элге керектуу мыйзам чыгарган депутатттар баарына тегиз карап берген президент керек болду
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: