super.kg logo

Финансы полициясы төө буурчактын баасын негизсиз арзандаткан алып сатарларды аныктады

 
Финансы полициясы төө буурчактын баасын негизсиз арзандаткан алып сатарларды аныктады. Бул тууралуу каржы полициясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Финполдун төрагасы Сыймык Жапыкеев өткөргөн кеңешмелердин биринде Талас облусундагы төө буурчактын түшүмүн сатуу боюнча ишкердикти мыйзамдуу жүргүзүү жөнүндө маселе көтөрүлгөн. Анда өнүмдү сатуу баасы кыйла жогору болгон учурда фермер-өндүрүүчүлөрдөн төө буурчактарды арзан баада сатып алып жаткан ортомчуларды, алып сатуучуларды жоюу боюнча конкреттүү милдеттер коюлган. Мындан фермерлер чыгымга учурап, сарпталган акчалары акталбай калат.
Аталган демилгенин негизинде Талас облусунда салык органында тийиштүү каттоосу жок жана төмөндөтүлгөн баада буурчак сатып алууда ишкердик менен алектенген адамдарды аныктоо үчүн текшерүү жүргүзүлдү.
Жүргүзүлгөн рейддердин жыйынтыгы боюнча Талас облусунда салык органдарында каттоодон өтпөстөн, кайра сатуу максатында төө буурчакты аябай арзан баада сатып алуу боюнча бир нече фактылар аныкталды.
Бул фактылар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ал боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Ошондой эле, Финпол кызматкерлерин камтыган аталган комиссия алдын алуучу рейддик иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүп, анын жүрүшүндө баалардын төмөндөшүнө жол бербөө үчүн сатып алуучулар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат.
Муну менен бирге, Талас облусундагы төө буурчак өндүрүүчүлөрүнөн сатып алуу баасынын акырындык менен жогорулашынын натыйжасында, оң натыйжага чечилди.
Ушул жылдын октябрь айында “лоапатки” сортундагы төө буурчактын баасы 67-70 сом болсо, ноябрь айында 86-88 сомду түздү. “Чаар ала, бышуучу” сорттогу түстүү төө буурчак ушул жылдын октябрь айында 80-85 сом болсо, азыр 96-100 сомду түзгөн.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: