super.kg logo
  Спорт  

Гүлжигит Алыкулов "Кайрат" клубу менен мөөнөтүнөн мурда Казакстандын чемпиону болду

 

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын оюнчусу, 19 жаштагы футболчу Гүлжигит Алыкулов "Кайрат" клубу менен мөөнөтүнөн мурда Казакстандын чемпиону болду.

Бүгүн, 3-ноябрда футбол боюнча Казакстан чемпиондугунун 17-турунун алкагында "Кайрат" командасы өз үйүндө "Окжетпес командасын кабыл алып, 3:1 эсебинде жеңип алды. Гүлжигит Алыкулов оюндун экинчи бөлүгүндө алмашууга чыкты.

Бул көрсөткүч менен "Кайрат" клубу жалпы 44 упай топтоп, экинчи орунда келе жаткан "Астана" командасынан 17 упай ашып кетти. Калган беттештердин жыйынтыгына карабастан "Кайрат" клубу 2020-жылдагы Казакстандын чемпиону болду.

Гүлжигит Алыкулов "Кайрат" клубуна "Неман" клубунан ушул жылдын январь айында өткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
03.11.2020. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматтар. Гүлжигиттин да салымы чоң.
03.11.2020. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куттуктайм
03.11.2020. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
2021 чемпиондор лигасынын отборуна ойнойсунар. Жакшы аракет кылып чемп. лигасында ойногон биринчи кыргыз футболчусу болушунду каалайм. Ийгилик сага Гүлжигит иним.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: