Бишкек-Ош шаарынан Новосибирскке үзгүлтүксүз аба каттамдарын калыбына келтирүү тууралуу маалымат
Бишкек жана Ош шаарларынан Новосибирскке үзгүлтүксүз аба каттамын калыбына келтирүү боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарында тараган маалыматтар тастыкталган жок. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз өлкөсүнөн Новосибирск шаарына үгүлтүксүз аба каттамдарын жандандыруу боюнча Орусия Федерациясынын коронавирус боюнча ыкчам штабынын расмий чечими болгон эмес.
Эске салсак, Бишкек-Москва үзгүлтүксүз каттамы жума күнү "Аэрофлот" жана "Авиа Траффик" авиакомпаниялары тарабынан жүргүзүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.