ТИМ: "Венадагы теракттан жаракат алгандардын арасында Кыргыз жарандары жок"
Венадагы теракттын кесепетинен жаракат алган же каза болгон Кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Австриядагы элчиликтин маалыматы боюнча, жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок.
"Дагы деле кооптуулук күчүндө болуп жаткандыгын эске алып, Венада жүргөн мекендештерге мүмкүн болушунча коомдук транспортторго түшпөй жана эл көп чогулган жерден оолак болууну сунуштайбыз", - деп айтылат маалыматта.
Кечээ, 2-ноябрда белгисиз адамдардын тобу Австриянын борбор шаарында элге кол салып, көчөдөгүлөрдү аткылашкан. Мунун кесепетинен төрт адам каза болуп, 18 адам жаракат алды.
Ошондой эле ТИМ Кыргыз жарандары үчүн Венадагы дипломатиялык өкүлчүлүктө түз байланыш номери күнү-түнү иштеп жатканын эскертти: +43 (676) 626-94-93.
