Интернетте эмне кеп? "Садага болоюн Садыр, мени карап кой, онанайын чырагым, лампочкам", коомдук жайда тамактанган миллионер Салымбеков жана Балбак Түлөбаев
Баласына жалынып, эт жүрөгү элжиребеген эне жок болсо керек. Дал ушундай энелердин бири Садыр Жапаровго кайрылып жатып "Садага болоюн, Садыр, мени карап кой, онанайын чырагым, лампочкам" деп айтып элдин көңүлүн өзүнө бурган. Шамалдай ылдамдык менен тараган бул видеого ар ким ар кандай пикир жазууда. Балким чын эле туңгуюкка кептелген элге, Садыр Жапаров жарык чача турган лампочкадай туюлуп жаткандыр?! Эң башкысы эл мүдөсү аткарылса болгону.
Дүйнө 1 тыйындан курулат деген сөз бекеринен айтылбагандыр. Миллионер аталганы менен өзүнүн жөнөкөйлүгүн жоготпостон эл аралап, эл тамактанган ашканада тамакка кезекте турган Аскар Салымбековдун сүрөтү да талкууга алынды. Көпчүлүк интернет колдонуучулар Салымбеков акчасынын жоктугунан эмес карапайым, жөнөкөй адам үчүн ашканада тамактанып жатканын жазышкан.
Буга улай эле эл оозуна алынып калган Бишкектин азыркы таптагы мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев да студенттер тамактанган сырттагы ашканада тамак ичип жаткан сүрөтү көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурду.
Кечээ Токмок шаарында жайгашкан оорукананын ачылышы болду, ага вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева катышты. Ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына оорукананын ачылышы салтка айланып калган кызыл лентаны кесүү, шариктерсиз өткөн. Ачылышка кызыл зонада иштеген дарыгерлер жана волонтёрлор катышкан.
кошулду




1 |