Көк бөрү боюнча президенттин Кубогу: Манас Ниязовдун командасы ири эсепте жеңишке жетти
Бүгүн, 4-ноябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин Кубогунун оюндары уланып жатат.
Саат 09:00гө белгиленген биринчи лиганын "А" тайпасындагы оюнда "Төш-Булак" командасы белгилүү улакчы Манас Ниязов ойногон "Ала-Тоо" командасына 1:12 эсебинде утулду.
Учурда биринчи лигадагы "Четинди" - "Келечек" командаларынын ортосундагы беттеш башталар алдында турат.
Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтүп жаткан бул турнир коронавирус пандемиясынан улам көрүүчүлөрсүз өтүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Көк бөрү десе Манасты
Манас десе көк бөрүнү түшүнүп калдык