super.kg logo

Орусияда COVID-19 менен ооруган мигранттар акысыз дарыланат

 
Орусияда COVID-19 менен ооруган мигранттар акысыз дарыланат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн саламаттыкты сактоо департаментине таянып, жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Жазылган маалыматка ылайык, Орусиянын бир нече аймактарындагы мигранттар COVID-19 менен жабыркашса, алар медициналык кызматты бекер алышат. Бул кызмат медициналык камсыздандыруу полиси боюнча убактылуу жашап турууга уруксаты бар чет өлкөлүктөр, ошондой эле башка өлкөлөрдүн качкындарына жана жарандарына көрсөтүлөт.

"Ошол эле учурда, Москва шаарында жана башка региондордо, милдеттүү медициналык камсыздандыруусу жок мигранттарга коронавирустук инфекция учурлары боюнча акысыз медициналык жардам көрсөтүлүп, чет элдик жарандарга орусиялыктар менен бирдей мамиле жасалат. Департамент мигранттарга жуккан учурлардын саны боюнча статистиканы жүргүзбөйт", - деп жазылат маалыматта.

Ушул жылдын 3-октябрында Москванын мэри Сергей Собянин үй шартында дарыланып жаткан
COVID-19 менен ооругандардын бардыгына акысыз дары-дармектер бериле тургандыгын жарыялаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: