Башкы прокурор тез арада айрым кодекстерге өзгөртүү керектигин айтты
Башкы прокурор Курманкул Зулушев тез аранын ичинде бир катар кодекстерге өзгөртүү киргизүү керектигин маалымат жыйында айтты.
Анын айтымында, айрым мыйзамдар иштөөгө тоскоолдук жаратып, кээ бир учурда бири-бирине каршы иштейт.
* Мыйзамга өзгөртүү киргизүү, тагыраагы, тергөөнүн мөөнөтүнө чектөө киргизүү. Мисалы бир эле тергөөчүдө 500дөй иш бар. Бул физикалык жактан мүмкүн эмес, ал эми жабырлануучу укугум корголот деп күтүп жүрө берет.
* Бүгүнкү күндө кылмыш жасаган жаран административдик жана эркинен ажыратуу жоопкерчилигине тартылат. Бир кылмыш үчүн эки жазага тартылуу - укуктун бузулушу. Биз бул маселени карап чыгабыз. Тез арада 2-3 кодекске өзгөртүү киргизишибиз керек.
* Жарандардын кайрылууларын кечиктирбестен карап чыгуу абзел.Учурда электрондук кат алмашуу системи кирген. Муну менен арыз, даттануулардын өз убагында каралышын камсыздайбыз. Мындан тышкары ар аптанын жума күндөрү жеке өзүм жарандарды кабыл алам. Биз коомго ачык мекеме болобуз.
Бүгүн, 4-ноябрда Башкы прокуратурада маалымат борбору ачылды. Анда башкы прокурор Курманкул Зулушев биринчи маалымат жыйын өткөрдү.
