Асылбек Жээнбеков Пакистан парламентинин төрагасына өлкөдөгү жер титирөөгө байланыштуу көңүл айтты
Төрага Асылбек Жээнбеков Пакистандын Белуджистан облусундагы жер титирөөгө байланыштуу Пакистандын Улуттук Ассамблеясынын төрагасы Сардар Аяз жана Пакистан сенатынын жетекчиси Сайед Найер Хусайн Бохарга көңүл айтты. “2013-жылдын 24-сентябрында Пакистандын Белужистан провинциясында болгон жер титирөөнү терең кайгыруу менен кабыл алдым. Жогорку Кеңештин депутаттары жана өзүмдүн атымдан каза болгондордун жакындарына көңүл айтам”,- деп жазылат төраганын катында.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

