super.kg logo

Башкы прокуратура Садыр Жапаровдун бир тууган эжесин экстрадициялоо өтүнүчү Польша мамлекетине качан жиберилгенин айтты

 

Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаровдун бир тууганы Райкүл Жапарова ушул жылдын 22-майында Польшанын аймагынан кармалган. Бүгүнкү күндө аны экстрадициялоо боюнча кайра өтүнүч Польша мамлекетине жиберилген эмес. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда башкы прокурор Курманкул Зулушев айтты.

Ал эми аталган мекеменин эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Райкүл Жапарованы экстрадициялоо боюнча өтүнүч ушул жылдын июнь айында жиберилгенин, Полша тараптан жооп болбогонун, андан кийин кайра өтүнүч жөнөтүлбөгөнүн кошумчалады.

Ички иштер министрлиги тарабынан Райкүл Жапарова издөөгө алынган. Ага карата Октябрь райондук жана Бишкек шаардык соттору тарабынан сырттан чечим чыгарылып, 2014-жылдын 22-октябрында жана 2015-жылдын 3-апрелинде "адалдоо", "алдамчылык", "коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу" беренелери менен күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
04.11.2020. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Садыр Жапаров мошенник
04.11.2020. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Tymar, сени эркелетип туруп алдап кетти беле )))
Apyn8793 түзөттү 2020-11-04 15:10:29
04.11.2020. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тымар, Апын атыңар өзгөчө го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: