Жаңы спикер Талант Мамытов Ак Үйдүн дарбазасын алып салуу сунушун колдой турганын айтты
Бүгүн, 4-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында жаңы шайланган спикер Талант Мамытов Ак Үйдүн дарбазасын алып салуу сунушун колдой турганын айтты.
"Баарыбызга иштөө шартын түзүү керек. Стенограмма, добуш берүү процедуралары толук кандуу иштеши зарыл. Ыңгайсыздыкты жаратып жатат. Жогорку Кеңештин имаратын оңдоп-түзөөдөн өткөрүү шарт.
Коргонгон сайын эл туура эмес түшүнөт. Бизди дарбаза сактап калган жок. Садыр Нургожоевич Ак Үйдүн дарбазасын алып салуу керектигин айтты. Мен бул сунушту колдойм. Бардыгы ачык-айкын болуп, элге жакын болуп иштешибиз керек", - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Кнопкаларды уктап отуруп эле басып коюшат же бир адам баарын басып чыгат.