"Бооруна тез арада операция жасатуу керек". Төрт баланын атасы Бакытбек Жумагулов жардамга муктаж
Боор оорусунан жабыркап жаткан төрт баланын атасы, 41 жаштагы Бактыбек Жумагулов жардамга муктаж. Бул тууралуу анын иниси Максатбек Жумагулов SUPER.KG порталына кайрылып, коомчулуктан жардам сурады. Айтымында, агасынын операциясына ири суммадагы акча керек болууда жана тиешелүү сумма табылса операция Индияда жасалат.
"Жалгыз бир тууган агам Бакытбек Жумагуловдун бооруна операция жасатуу үчүн чоң суммадагы (30 миң доллардан ашык) акча каражаты керек болуп жатат. Буга чейин билинбей боор оорусу (альвеококкоз, боордун курту) менен жабыркап жүрчү экен. Өзү да, биз да билбей жүрүптүрбүз. Дене бою, көздөрү саргайганынан дарыгерлерге кайрылсак, боору такыр эле иштен чыгып чоңоюп кетиптир. Тилекке каршы, боорду алмаштыруу (трансплантация кылуу) керек экен. 3-4 айлык гана жашоосу калыптыр, тезинен операция кылып чара көрбөсө кеч болуп каларын дарыгерлер айтышты.
Акыркы күндөрү улам барган сайын денесинин саргайганы күчөп 55 килограммга чейин арыктап кетти.
Эмне кылаар аргасын таппай, айлабыз кетип карайлап турган чагыбыз. Кайрымдуу элибизден жардам сурап кайрылам", - деди иниси Максатбек Жумагулов.
Жардам берүүнү каалагандар үчүн:
Элсом +996702479968;
VISA карта 4177 4901 0551 8908;
Элкарт 9417 1395 0881 9459.


1 |