Ошто 20 жаштагы кыз ажатканага төрөп, баласын баштыкка ороп балконго коюп койгон
Ош шаарындагы үйлөрдүн биринин балконунан баштыкка оролгон наристенин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ОШ ШИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга кабар 2-ноябрь күнү келип түшкөн. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"Кара-Кулжа районунун тургуну 2000-жылы туулган И.к.Б. наристени 16-октябрь күнү саат түнкү 04:00 чамасында батирлердин биринин ажатканасында төрөгөн. Баласы жансыз болуп төрөлгөндүктөн эч кимге айтпай, баланы баштыкка салып, балконго жашырып кеткен. Шектүү кылган ишин моюнга алган. Учурда наристеге соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Nuri1988Elim2010

04.11.2020. 16:19
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ой кудай кантип эй, толгоо, ооруга араң чыдайсынго, мед, кызматкерлердин жардамы менен араң төрөйбүзго
Nargizaa

05.11.2020. 16:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бирөөгө кор бирөөгө зар дұйнө деген ушуда((
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.