super.kg logo

Билим берүү министрлиги өлкө казынасына 35 миллион 76 миң евро жардам көрсөтүлөрүн маалымдады

 

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев 3-ноябрда Европа биримдигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн делегациясын кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан "Билим берүү секторун реформалоо боюнча келишим" программасы боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа биримдигинин ортосундагы Финансылык келишимдин алкагында ишке ашырылган долбоор талкууланды. Бул каржылык келишим 2019-жылдан 2020-жылга чейин күчүндө. Келишим билим берүү секторун колдоо аркылуу бүткүл өлкөнүн бюджеттик колдоосуна багытталган.

"Өлкө казынасына 2019-2021-жылдарга 35 миллион 760 миң евро өлчөмүндө гранттык жардам көрсөтүлүүдө. Элчи, Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Ауэр долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүн жана азыркы учурда Билим берүү жана илим министрлиги көрсөткөн көрсөткүчтөрдүн жетишүү деңгээлин белгиледи. Ошондой эле ал өлкөдө киргизилген өзгөчө абалдан улам бир катар индикаторлордун аткарылышы коркунуч алдында калганына карабай, COVID-19 пандемиясына байланыштуу Европа биримдиги ушул жылдын июль айында экинчи траншты толугу менен которууну чечкенин айтып өттү", - деп жазылат маалыматта.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Европа биримдигинин өлкөлөрүнөн тышкы эксперттик жардамды тартуу зарылдыгы менен өлкөдөгү билим берүү тармагында, анын ичинде жогорку кесиптик билим берүү жаатында жүргүзүлүп жаткан реформалар боюнча пикир алмашышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: