Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча президенттин Кубогунун экинчи күндүк оюндары соңуна чыкты (жыйынтыктар+фото)









Бүгүн, 4-ноябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин Кубогунун экинчи күндүк оюндары соңуна чыкты.
Экинчи күндүк оюндарда тизме боюнча жалпы 6 оюн ойнолду. Анын ичинен 4 оюн Биринчи Лигада, 2 оюн Жогорку Лигада. Экинчи оюн күнүнүн жыйынтыктары:
Биринчи Лигада: "Төш-Булак" - "Ала-Тоо" (1:12);
"Четинди" - "Келечек" (2:13);
"Ай-Тамга" - "Тору-Айгыр" (6:2);
"Көк-Жал" - "Суусамыр" (3:6).
Жогорку Лигада: "Ынтымак" - "Сары-Өзөн" (4:2);
"Достук" - "Кара-Буура" (9:2).
Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтүп жаткан бул турнир коронавирус пандемиясынан улам көрүүчүлөрсүз өтүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.