super.kg logo

Бишкекте 18 жаштагы айдоочу рулду башкара албай электр мамыны сүзүп, өзү каза болду. Дагы бир адам жабыркады (видео)

 

Бишкек шаарынын Свердлов районунда жол кырсыгынан бир адам каза болуп, бир адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Такталган маалымат боюнча Шабдан Баатыр кең көчөсүндө Мерседес-Бенц-Спринтер үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып электр мамысын сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 2002-жылы туулган айдоочу каза болгон, ал эми 2001-жылы туулган бала жабыркаган.

Куткаруучулар маркумдун жансыз денесин унаадан чыгарышып, ИИМдин кызмакерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жаран "Тез жардам" кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген. Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
05.11.2020. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол жерде турган Фуралар куноолуу жок кылсын ал жерден жоолду ээлеп туруп алышат уйулуп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: