Көк бөрү: "Манас Ниязов кайрадан мыкты". "Ала-Тоо" командасы "Жети-Өгүздү" ири эсепте жеңди
Бүгүн, 5-ноябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин Кубогунун оюндары уланып жатат.
Саат 09:00гө белгиленген Биринчи Лигадагы "Жети-Өгүз" - "Ала-Тоо" командаларынын ортосундагы беттеш 2:11 эсебинде "Ала-Тоо" командасынын жеңиши менен аяктады. Бул оюнда белгилүү улакчы Манас Ниязов 3 улак сала алды.
Учурда Биринчи Лиганын "Б" тайпасындагы "Сокулук" - "Келечек" командаларынын ортосундагы беттеш башталды.
Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтүп жаткан бул турнир коронавирус пандемиясынан улам көрүүчүлөрсүз өтүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.