super.kg logo

"Атамбаев колониядан кол булгалады". Алмазбек Атамбаевдин абакта жатканына 1 жыл 3 ай болгону айтылды

 

Бүгүн, 5-ноябрда №47 колониянын алдына мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары чогулду. Бул тууралуу Рита Борбукеева социалдык тармактагы баракчасы аркылуу түз эфир маалында билдирди.

Анда чогулгандар менен бирге Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаеванын дагы келгенин көрүүгө болот.

"Алмазбек Шаршеновичтин кан басымы төмөн, СИЗО-1де жатканда суук тийип калыптыр. Бронхит болуп ооруп, дарыланып жатат. Бул жакка келгенине 10 күн болду. Андан бери бир жолу жолуктук, кызы Алия дагы жолукту. Азыркы бийликтен жана Жогорку Соттон ачык, адилеттүү соттордун өтүшүн камсыздоону суранам. Алмазбек Атамбаев УКМКнын СИЗОсунда 1 жыл 3 ай отурду. Ал өзү дагы күндөрдү эсептеди, ошондо 550 күн цементте жана бетондо отурду" , - деген Раиса Атамбаева.

№47 колониянын алдына чогулган мурдагы өлкө башчынын тарапташтарына жолугушууга ураксат берилбеген соң, колониянын терезелери көрүнгөн жакка барып Атамбаевдин атын айтып кыйкырып турушту. Бир маалда алыстан Атамбаев көрүнүп, кол булгалап кеткенин тарапташтары билдирди.






Алмазбек Атамбаевдин жубайы №47 колонияга хризантема гүлүн көтөрүп барды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(6)
05.11.2020. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Садыр Жапаров чыгып кетип, дароо бийлике отуруп алды, Атамбаев чыкты, бирок аны кайра отургузуп койду. Эки жуздуу саясат. Атамбаевти саясий аренадан алыс кармоо учун ушундай ишке барышты. Болбосо Садыр Жапаров, Ташиевтер забордон секирип, бийликти ызы чуу менен басып алабыз деп ызы чуу которушконун эл билет. Кыскасы Кыргызстанды артында бир нече фанаттарын болсо мыйзамды каалагандай буза бер деген тушунук окум суруп жатат. Муну Садыр Жапаровтун мисалында коруп жатабыз
05.11.2020. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Asel69,Садыр Жапаровду так ушу Атамбаев каматкан , Эми мына ОЗУ турмодо ,Атамбайды Садыр каматкан эмес...сенин мээн ордунда эмес окшойт ээ?
05.11.2020. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бошотуп койгула анан кийин Тынар менен Рахманга кошуп койгула. Концерт берип журо берсин.. Кичине таланты бар экен..
05.11.2020. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Булгалай бердим колумду,

Булактан кетер кезиңде.
05.11.2020. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эч нерсе болбойт Садыр Нургожоевич да отурган ошондой цемент менен бетондо
05.11.2020. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менимче таза иштеп кызматын татыктуу адамга өткөзүп берип кетсе мындай азаптарды көрмөк эмес эми Асылбекти жанына жаткызып койгула.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: