Көк бөрү боюнча президенттин Кубогу: "Келечек" "Сокулукту" бир улак айырмасы менен утту
Бүгүн, 5-ноябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин Кубогунун оюндары уланып жатат.
Саат 10:30га белгиленген Биринчи Лиганын "Б" тайпасындагы "Сокулук" - "Келечек" командаларынын ортосундагы беттеш 8:9 эсебинде "Келечек" командасынын жеңиши менен аяктады.
Учурда Жогорку Лигадагы "Ат-Башы" - "Сары-Өзөн" командаларынын ортосундагы беттеш башталар алдында турат.
Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтүп жаткан бул турнир коронавирус пандемиясынан улам көрүүчүлөрсүз өтүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.