super.kg logo

Бишкекте түнү белгисиз жарандар милиция кызматкерлерине кол салды (видео)

 

Бишкекте түнү белгисиз жарандар тарабынан милиция кызматкерлерине карата кол салуу болду. Бул тууралуу Ленин РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-ноябрь күнү саат 01:25 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына Садырбаев жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз жарандар милиция кызматкерлерине кол салганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Жерине Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө-ыкчам тобу дароо барышкан. Анда кызматкерлер Daewoo Nexia унаасын токтотууга аракет кылышкан, бирок айдоочу жолдо бара жатып, жол эрежесин одоно бузуп, милиция кызматынын унаасы менен кагылышуу жасаганга аракет кылган.

Ошондой эле айдоочу кызматкерлерге баш ийбей унаасын Толстой жана Репин көчөлөрүнүн кесилишине жакын жайгашкан кафенин жанына токтоткон. Айдоочунун аты-жөнүн жана документтерин сураганда анын жанында турган белгисиз 10-15тей бала милиция кызматкерлерине каршы күч колдонушкан. Мындан улам кызматкерлер эскертүү иретинде асманга ок атышкан. Андан кийин 1996-жылы туулган Т.А. 1998-жылы туулган А.А. жана 1996-жылы туулган С.Р. кармалган. Окуя болгон жерден үч снаряддын гильзалары табылган жана унаа айып короосуна токтотулган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "бейбаштык" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
05.11.2020. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Камагыла 5-6 сун 15 суткага!
05.11.2020. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Акыркы куну мыйзамга баш ийбегендер кобойду,баш ийбейби камагыла нарака лакылдатпай.
05.11.2020. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мусор тазалатып иштетиш керек
Далактатпай анан штафты очойто төлөтүш керек!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: