"Ал эми Кызыл-Көл деп аталып калганынын себеби, кызыл топурактуу жерде көл болгон, ал көлдүн көрүнүшү да кыпкызыл болуп көрүнгөн, ошол себептен Кызыл-Көл деп аталып калган.
"Айылда мал чарбачылык (уй, кой, жылкы), балчылык, жаңгак токой чарбасы менен киреше табышат. Ошондой эле өсүмдүктөрдүн бардык түрү өсөт деп айтсак туура болот. Алсак, мөмө-жемиштерден алма, кара өрүк, алча, алмурут, жашылчалардан капуста, картошка, сабиз, пияз, ашкабак өсөт.
Айылда 2 жалпы билим берүүчү орто мектеп, 1 ФАП, 1 спорт зал, кичи футбол аянтчасы, 3 мечит, 1 айылдык китепкана жана бир нече дүкөн бар.
Тарых илимдеринин доктору, профессор Ташманбет Кененсариев, куудул, актриса Гүлжайна Атаканова биздин айылдан чыккан чыгаандар. Мындан сырткары көптөгөн жаш активисттер, журналисттер кыргыз элине кызмат кылып келүүдө.
Айылда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен 8, Ооган согушунун 2 жана Баткен согушуна катышкан 1 ардагер, 37 баатыр эне бар.
Миң-Бугу, Кызыл-Суу, Кашка-Суу жайлоолорубуз бар.
Айылдын кышы жылуу, жайы салкын. Тоолорубузда Кызыл китепке кирген күрөң аюу, илбирс, сүлөөсүн, элик, бугу, суусар жана улар бар. Ал эми өсүмдүктөрдөн карагай, жоогазын өсөт. Айылдан Кара-Суу дарыясы (Кара-Суу деп аталышынын себеби кышында суу тоңбойт, жылуу болот) агып өтөт.
Өзгөчө өсүмдүктөрдөн ит мурун, карагат, бөрү карагат, сары долоно, чычырканак, кожогат (малина) өсөт.
Дарычылык касиетке ээ чөптөр аябай эле көп кездешет (чалкан, бака жалбырак, төө куйрук, эрмен, алтын тамыр, ак кодол, кереч, мекери, эрбаасын, боознач, жылан чөп, уу коргошун жана башка көптөгөн дары чөптөрдү кездештирүүгө болот.
Ошондой эле туризм жаатында көздүн жоосун алган, кылым карытып келе жаткан Кара-Камыш көлү жайгашкан. Ал Аксы районунун, Кара-Суу аймагындагы Сары-Челек көлүнөн кийинки экинчи көл болуп эсептелет. Деңиз деңгээлинен 1 миң 870 метр бийиктикте жайгашкан. Көлдүн узундугу 1,5 чакырым, туурасы 500 метр болуп 44,6 гектер аянтты ээлейт. Жээгинде Тянь-Шань карагайы жана Кызыл китепке кирген эндемик Семёнов ак карагайы өсөт.
Кара-Камыш көлүнүн тутамдаш тарабында айылдын эң бийик зоосу Миң-Теке жайгашкан. Айылга келе жатканда алыстан эле чокулары көрүнүп турат. Ак кар, көк муз жамынып илгертен тоо эчкилер көп жүргөндүктөн, Миң-Теке деп аталып калган. Миң-Текеге тутамдаш сайдан дарычылык касиетке ээ болгон йоддошкон тунук булак агып чыгат. Көлгө жыл сайын ар тараптан туристтер келип турат.
2018-жылы "Ак тандай акын Жеңижок, айтышарга теңи жок" аттуу конкурс өткөрүлгөн, дал ушул Кара-Камыш көлүнүн жээгинде 16 акын ат салышкан.