Бирде күрмө, бирде кемсел. Садыр Жапаровдун Камчыбек Ташиев коштогон өлкөнүн түштүгүнө болгон иш сапарынан сүрөттөр













Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарына жумушчу сапар менен барды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров 2-ноябрда Баткен облусунун эли менен жолугушту.
3-ноябрда Ош облусунун эли менен жолугуп, коррупцияга каршы күрөш, президент жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жана башка темалар боюнча жергиликтүү элдин суроолоруна жооп берди.
Ошондой эле Жалал-Абад облусунун эли менен жолугуп, анда конституциялык реформа, чек ара маселелерин чечүү, өлкөнү өнүктүрүү жолдору боюнча сөз болду.
4-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Чаткал районундагы «Эти Бакыр Терексай» кениндеги абалды жеринен көрдү. Ошондой эле жергиликтүү эл менен жолугушуп, жер казынасын пайдалануу боюнча элдин суроолоруна жооп берди. Муну менен катар президенттин милдетин аткаруучу Ала-Бука районундагы «КАЗ Минералз Бозымчак» ЖЧК ишмердүүлүгү менен таанышты.
Андан соң Ала-Бука районунун Көк-Серек жана Көк-Таш айыл аймактарынын эли менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү эл көтөргөн маселелерди чечүү үчүн тармактык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына конкреттүү тапшырмаларды берди.










1 |