Эртең Ак Үйдүн сыртындагы тосмо алынмай болду
Эртең, 6-ноябрда Ак Үйдүн сыртындагы тосмо алынат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, эртең, 6-ноябрда саат 10:00дө "Тазалык" ишканасы Ак Үйдүн тосмолорун алуу ишин башташат.
Эске салсак, 5-6-октябрда болгон окуялардан кийин коомчулук, социалдык тармактын колдонуучулары Ак Үйдүн тосмосун алуу сунуштарын айтып чыгышкан. Ошондой эле социалдык тармакта аталган имараттын тосмолору жок тартылган сүрөт тарап, көпчүлүктүн көңүл борборунан орун алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:00
2025-07-30
Рейтинг:
4

Отконку революцияда ак үйдү талкалаган жапайыларга табылбай эле калгандыр.
Ак үйгө кириш үчүн канча деген машина өрттөндү,өрт өчүргүч унаалар,тез жардам кызматынын унаалары жараксыз абалга келди.
Ошондо кимге пайда,кимге зыян?
Түшүнүгү жоктор толтура .
Эртең кайра курушат болбойт экен дешип
Анан дагын анысы да коррупция