super.kg logo

Башкы прокуратура: "Мамлекетке 1 миллиард сомдон ашык келтирилген зыян боюнча факты аныкталды"

 
Мамлекетке 1 миллиард сомдон ашык келтирилген зыян боюнча факты катталды. Бул тууралуу башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өкмөттүн 2006-жылдын 24-апрелиндеги токтому менен Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун аймагында жалпы аянты 25 миң 270 гектарды түзгөн "Сандалаш" коругу уюштурулган. 2012-жылдын август айында өкмөттүн токтому менен алтын кенин иштетүү үчүн компаниялардын бирине ижарага берилген 3661 гектар жер тилкесинин бир бөлүгү (1124,7 гектар) жогорудагы коруктун аймагында жайгашкандыгы жана өзгөчө корголуучу жаратылыш жерлеринин категориясына кирери аныкталган. Бирок мамлекеттик органдардын кызмат адамдары, мыйзамда белгиленген тартипти бузуу менен, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагынын жерлерин башка жердин категориясына которбостон, ошондой эле токой жана айыл чарба өндүрүштөрүнүн жоготууларынын ордун толтурбастан, аталган жер тилкелерин тоо-кен компаниясына убактылуу пайдаланууга мыйзамсыз беришип, натыйжада мамлекетке 1 миллиард сомдон ашык зыян келтирилген.
Аталган факты 3-ноябрда Башкы прокуратура тарабынан Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды. Ошондой эле мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө өкмөткө сунуш киргизилди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(3)
05.11.2020. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Айыл окмотунон баштап жогорку чиновниктерге чейин кустуруп элдин сообуна калгылачы!
05.11.2020. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыргызстанда соо жерлер калбай калганго,бүт эле тоноп бүтүшүптүр!
Биз келечеке эмнебизди өткөзүп беребиз?
05.11.2020. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Миллиард Аныкталганды билдик ондургонунор канча миллион болот эми????
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: