super.kg logo

Ноокатта өткөрүлгөн рейдде иштеп жаткан жашы жете элек 12 бала аныкталып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

 

Бүгүн, 4-ноябрда Ноокат районунун аймагында жашы жете электер арасында укук бузуулардын алдын алуу максатында «Алдын алуу күнү» рейди өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош ОИИБинин маалымат кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө Ноокат РИИБинде каттоодо турган, ата-энеси эмгек миграцияда жүргөн, ата-энеси жок, томолой жетим балдар жана жашоо-шарты оор абалдагы үй-бүлөдө жашаган жашы жете электердин үйлөрүнө барып, кабар алынды.

Ошондой эле Ноокат шаарынын аймагын кыдырып текшерген учурда шаардагы кафе, ресторан, чайхана, автоунаа жуучу жайларда иштеген 12 жашы жете элек бала аныкталып, аларга мыйзамдагы укуктары боюнча түшүндүрмө берилди. Мындан тышкары Ноокат шаарынын борборунда жайгашкан базар текшерилип, соода сатык менен алектенген өспүрүмдөрдүн ата-энелерине эмгекке эрте тартылган балдардын ден соолугуна жана психологиясына терс таасир тийип калышын эскертип, маек жүргүзүлдү.

Аталган иш-чарага Ош ОИИБинин коомдук коопсуздук кызматынын жана Ноокат РИИБинин жашы жете электер менен иштешүү инспекциясынын инспекторлору, билим берүү мекемелердин социалдык кызматкерлери, райондогу балдарды коргоо мекемесинин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик органдары катышты.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.11.2020. 08:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чет элден келген мигранттарга орусия окшоп рейд кылып патенти барбы окмотко акча тогуп иштеп жатабы ошолорду текшерсенер жакшы болот эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: