Эртең Бишкекте каармандар катышкан сүрөт көргөзмөсү өтөт






Эртең Бишкектин Эркиндик бульвары менен Токтогул көчөcүнүн кесилишинде сүрөт көргөзмөсү болот. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, фото долбоору бир ай мурун түзүлгөн. Анда кызматкерлер советтик сүрөтчүнүн сүрөттөгү каармандарына айланган. Көргөзмө саат 15:00дөн 17:00гө чейин өтөт.
"Биз жумушчуларыбыздын сүрөттөрүн чоң форматта басып чыгардык жана аларды эртең Эркиндик бульварындагы көргөзмө мольберттерине коёбуз. Муну менен бирге бульварда тазалоо иштерин
жүргүзөбүз", - деп билдиришти мэриядан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:00
2025-07-30
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.