super.kg logo

Республика боюнча жалпысынан 607 миллион тоннадан ашуун көмүр камдалды

 

10-октябрга карата республика боюнча жалпысынан 607 миллион тоннадан ашуун көмүр камдалды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болду.

“Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2020-2021-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча өкмөттүн иши жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралды.

Жыйында айтылгандай, 10-октябрга карата республика боюнча жалпысынан 607 миллион тоннадан ашуун көмүр камдалган. Анын ичинен калк 89 пайызга даярдаса, бюджеттик мекемелер 100,84 пайызга камсыздалган.

Талкуу маалында депутат Аалы Карашев ЖЭБден жана ГЭСтен өндүрүлгөн энергиянын өздүк наркын сурады.

Тиешелүү өкмөт өкүлү ЖЭБде өндүрүлгөн энергиянын өздүк наркы 3,60 сом, ал эми Токтогул ГЭСиники 15 тыйын экенин белгиледи.

Ошондой эле Аалы Карашев көмүрдүн баасы кымбаттап жатканына токтолуп, наркын көзөмөлгө алуу зарылчылыгын кошумчалады. Өкмөт өкүлдөрү жергиликтүү көмүрдүн орточо баасы 4 миң 475 сом, ал эми импорттолгон көмүрдүн баасы 4 миң 612 сом болуп жатканын билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: