Эне тилге эки мүнөт: "Шарапат капыялап башкаларды тикендей тыз эттире сөз келтирет". Капыялоо дегенди кандай түшүндүңүз?
"Эне тилге эки мүнөт" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында кыргыз тилиндеги тарыхый сөздөрүнүн маанисин эл аралык Кувейт университетинин лингвистика жана социалдык гуманитардык илимдер кафедрасынын доценти Гүлнур Жамалбекова түшүндүрүп берди.
1.Капыялоо - какшыктоо, кээр сөз айтуу, жекирүү. Мисалы: Шарапат капыялап башкаларды тикендей тыз эттире сөз келтирет. (К.Жантөшев)
2. Дүгдүйүү - кабак бүркөп, дүңкүйүп кыр көрсөтүү. Мисалы: Барман сыртынан шек алдырбай дүгдүйүп койду. (Т.Сыдыкбеков)
3. Абыгый - эпостук чыгармаларда "абаке", "аке" деген мааниде колдонулат. Мисалы: Куп тыңда менин сөзүмдү, абыгый көрдүм көзүңдү. ("Манас").
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:00
2025-07-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.