super.kg logo

УКМК: "Дастан" ААКсынын туунду ишканасынын жетекчилиги бюджеттик каражаттарга ээлик кылуу фактысы менен кармалды"

 

"Дастан" УАК ААКсынын жана анын "Улан" ААКсы туунду ишканасынын кызмат адамдары тарабынан бюджеттик каражаттарды ээлик кылып алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, "Дастан" ишканасынын туунду ишканасы болгон "Улан" ачык акционердик коомунун жетекчилиги тарабынан чет өлкөнүн буйрутмасы менен атайын жабдыкты сатып алуу боюнча жасалма келишимин түзгөнү маалымдалат.

"2020-жылдын май айында "Дастан" УАК ААКсы бир чет мамлекет менен 3 миллион долларга келишим түзүп, аталган корпорациянын жетекчилиги "Улан" ААК туунду ишканасы менен кызмат көрсөтүү тууралуу келишим түзүү жолу менен ал акчанын 695 миң долларына ээлик кылган.

Аталган акча каражаттарына ээлик кылуу максатында "Улан" ААКсынын жетекчилиги ЖЧКлардын бири менен 54 миллион сомго атайын жабдык алуу боюнча жалган келишим түзүп, кийин ал каражатка "Улан" ААКсынын жетекчиси Ж.Р. ээлик кылган", - деп жазылат маалыматта.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин материалдары кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "Ишенип берилген мүлккө ээлик кылуу же коротуу" беренеси менен каттоого алынганы жана тергөө иштеринин жыйынтыгында "Улан" ААКсынын жетекчиси Ж.Р. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени белгилүү болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.11.2020. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кармап эле жатасынар, Эми буларды жакшылап сыгып кустургула. Бийлик атасынан калгансып каалагандай жешкен экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: