Көк бөрү: Биринчи Лиганын финалында Оштун "Ала-Тоо" командасы менен Көлдүн "Мурас" командалары беттешет
Бүгүн, 5-ноябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин Кубогунун оюндары уланып жатат.
Саат 11:30га белгиленген Биринчи Лиганын жарым финалдык оюнунда "Мурас" – "Суусамыр" командаларынын ортосундагы беттеш 11:3 эсебинде "Мурас" командасынын жеңиши менен аяктады. Муну менен Ысык-Көлдүн "Мурас" командасы Биринчи Лиганын финалына чыгып, Оштун "Ала-Тоо" командасы менен беттешет.
Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтүп жаткан бул турнир коронавирус пандемиясынан улам көрүүчүлөрсүз өтүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.