super.kg logo

Жогорку Кеңештин төрагасы: "Журналисттик адистиктин мааниси жогору экени ачык байкалууда"

 

Бүгүн, 6-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Маалымат жана басма сөз күнүнө карата маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн куттуктады.

"Дүйнөдө маалымат алмашуу тездик менен өнүгүп жаткан доордо технологиялык жаңылануулардан тышкары, журналисттик адистиктин мааниси жогору экени ачык байкалууда. Айрыкча демократиялык багытты тандаган коом үчүн сөз эркиндигинин жана басма сөз каражаттарындагы ачык-айкындуулуктун баасы өтө жогору экени Кыргызстан эгемендүүлүктү алган алгачкы жылдардан бери таасын далилденип келет. Анткени басма сөз каражаттары элге маалымат жеткирүү менен гана чектелбей, коомдук аң-сезимдин калыптанышына түздөн-түз таасир этип, жарандык коом менен бийлик ортосундагы байланышты камсыздап турат.

Сиздер өлкөдөгү жаңылануулардын башатында туруп, мамлекет тарыхындагы урунттуу учурларга, тарыхый бурулуштарга, экономикалык жана социалдык жактан жасалган кадамдарга өзгөчө салымыңыздарды кошуп келесиздер. Мындан ары да коомдун күзгүсү, жакшылыктын жана чындыктын жарчысы болууну улантасыздар деген ишенимдебиз. Ошондой эле акыркы окуяларга байланыштуу өлкөнү жакшы жакка өзгөртүү багытында жүрүп жаткан реформалардын баарын ырааттуу чагылдыруу аркылуу мамлекеттик бийлик бутактары, анын ичинде кыргыз парламенти менен жалпы коомчулуктун өз ара байланышын дагы да чыңай бересиздер деген үмүттөбүз", - деп куттуктады төрага.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: