"Мурда бул жерде тосмо жок болчу, фонтандардын фонунда сүрөткө түшчүбүз" дейт тосмонун алынганына күбө болгон жаран
Ак Үйдөгү темир тосмону алуу иши уланууда. Буга чейин бул маселе тууралуу Жогорку Кеңеште да сөз болуп, анын тосмосун алуу сунушу колдоо тапкан. Бүгүн, Бишкектеги "Тазалык" кызматы Ак Үйдүн тосмосун алуу ишин баштады. Мындагы жумуш 3 күнгө созулары маалыма болгон. Жолдон өтүп бара жатып бул ишти көрүп атайын токтодум деген жаран SUPER.KG порталы менен оюн бөлүштү. Ал өзүн Эрлан Жусупов деп тааныштырып, парламенттин V чакырылышында депутатка жардамчы болуп Ак Үйдө иштегенин айтты.
"Бул жалпы кыргыз эли үчүн өтө чоң тарыхый окуя болуп жатат. Тосмону алууну символикалык көрүнүш деп сыпаттадым, биздин көз карандысыз, эркин эл экенибизден кабар берет. Мен кубанганымдан атайын ушул жерге келип, болуп жаткан жакшылыкка күбө болуп турам. Бул менин гана эмес жалпы кыргыз элинин кубанычы, утушу десем болот. Мурда бул жерде тосмо жок болчу, ушундай эле кирип, фонтандардын фонунда сүрөткө түшчү элек. Ушул темир тосмо пайда болгондон кийин эле ушундай башаламандыктар, революциялар болуп, бийлик менен элдин ортосунда кандайдыр бир тосмо тор пайда болуп баштады. Тосмо бул моралдык жактан дагы тосмо десек болот. "Чоңдор" Ак Үйгө кирип эле "бизге эч ким тие албайт, бизге эч ким эч нерсе дей албайт" деген кол тийбестиктин чарасы катары колдонушкан, - деди Жусупов.
Мурда Ак Үйдө иштеген кызматкер
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:41
2025-06-25
Рейтинг:
2

Комментарийлер(2)
bessmertiy

06.11.2020. 21:33
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мамбетжунус Абылов деген неме 60 миллион сарптап тостурган эле Акаевдин доорунда.
bond02

06.11.2020. 21:42
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Башка жерге суротко тушсон олосунбу? Эми эртенден баштап фотосессия башталат ал жерде.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.