Интернетте эмне кеп? Ак Үйдүн кара тосмосу алынды, президенттикке ат салышпай калган Бабанов, Токтогул ГЭСине толбой калган суу
Иш аптасы артка калып өлкө жарандары 4 күн эс алганы турушат. Анткени 7-8 ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгиленип келет.
Ашып өтүшүп, ар кандай унаа менен сүзө беришчү эле минтип Ак Үйдү курчаган тосмо да алынып баштады. Балбак Тулебаевдин айтымында тосмолор толугу менен эртең алынып бүтөт. Мындан ары жарандар Ак Үйдүн айланасында сейилдеп, нааразычылыгы болсо дароо эле эшикти такылдатып барышса болот.
Саясатка келип, кааласа кайра кетип калган Өмүрбек Бабанов билдирүү жасады. Ал өз билдирүүсүндө Садыр Жапаровду колдой турганын айтып, президенттик шайлоого ат салышпай турганын жарыялады. Интернетте дароо ар кандай ой-пикирлер жазылып баштады. Көпчүлүк "Бабанов президенттик шайлоого барыш керек болчу, ал тарапташтарынын ага болгон акыркы үмүтүн өлтүрдү" деген өңүттөгү ойлорун жазышкан.
Кылычын кайрап кыш келе жаткан маалда Казакстандан электр энергиясын сатып алабыз деген билдирүү ансыз да кыйналып турган элдин жинин келтирди көрүнөт. Вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров коңшулардан 500 миллион киловатт саат электр энергиясын сатып алууга даярданып жатышканын билдирди. Белгилүү болгондой быйыл Токтогул суу сактагычына былтыркыга караганда 2 миллиард кубометр аз суу топтолгон. Анткени мөңгүлөрдөн жетишерлик деңгээлде суу түшкөн эмес.




1 |