super.kg logo

ИИМ ЖМКнын өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттуктады

 

Бүгүн, 6-ноябрда Ички иштер министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ИИМде Маалымат жана Басма сөз күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү. Тыгыз жана ийгиликтүү кызматташууга, ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн калыс чагылдырууга кошкон салымдары үчүн жана кесиптик майрамына карата Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбековдун буйругу менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын 38 өкүлү “Кыргыз милициясына 95 жыл” юбелейлик медалы, 37 Ардак грамотасы, 60ы акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

"Сиздердин аракетиңиздер менен ИИМ коом үчүн ачык-айкын болууга жетише алды. Тездик менен болбосо дагы коомдук аң-сезимде криминалдык көрүнүштөрдү бөлүп кароо ишенимдүү жүрүүдө. Телеберүүлөрдө, мезгилдүү басылмаларда, интернет булактарда кандай учур болбосун жарандарды коргой турган милициянын образы калыптанууда. Ошону менен бирге, биз мындан дагы көп жумуштарды жасашыбыз керек. Келечекте биздин бирдиктүү ишибиз уланат жана жаңы мазмундарга ээ болот деп толук ишендире айта алам.

Биздин биргеликте аткарган тапшырмабыз ИИОну реформалоо, терроризмге жана диний экстремизмге, уюшкан жана улуттар аралык кылмыштуулукка, баңги ишкерлигине каршы күрөшүү, Кыргыз жарандарынын коопсуздугун жана тынчтыгын камсыздоо, эң башкысы калктын ички иштер органдарына болгон ишенимин арттыруу болуп эсептелет.

Келе жаткан майрамыңыздарга карата сиздерге калемиңиздер курчуй беришин, окуяларды калыс чагылдарууну жана жаңы чыгармачылык идеяларды каалайм", - деди куттуктоо сөзүндө министр Улан Ниязбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.11.2020. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Прям "каалап каалайм" деп салдыбы ээ?)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: