super.kg logo

Бишкекте каракчылыкка шектүү жаран кармалды

 

Бишкекте каракчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Бишкек шаарынын үйлөрүнүн биринен тоноп кетти деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, 2001-жылы туулган кыз арыз менен кайрылган.

Анда ошол эле күнү болжол менен саат 03:40 чамасында кебетеси азиялык болжол менен жашы 20-25 чамасындагы белгисиз жаран арыз ээсинин үйүнө мыйзамсыз кирип, ачык түрдө бычак менен коркутуп, 16 миң 400 сом өлчөмүндөгү акчасын алып, белгисиз тарапка качып кеткен.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1997-жылы туулган жаранды кармашып, Свердлов РИИБинин Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Бул факты боюнча Свердлов РИИБи тарабынан Кылмыштардын жана Жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүрүүдө.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: