super.kg logo

"Санариптик педагогика" республикалык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

 

Бүгүн, 6-ноябрда мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдары үчүн видео-сабактардын "Санариптик педагогика" республикалык сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземине министри Алмазбек Бейшеналиев катышты.

"Сынактын башкы максаты - заманбап педагогикалык тажрыйбаны жайылтуу жана таанытуу, мугалимдердин маалыматтык-коммуникациялык жана технологиялык компетенттүүлүгүн жогорулатуу, бирдиктүү маалыматтык-усулдук билим берүү мейкиндигин түзүү", - деп жазылат маалыматта.

Сынакка жалпысынан 500гө жакын сабак келип түшкөн. Аларды республиканын МТКБУнын алдынкы адистеринен жана усулчуларынан түзүлгөн эксперттик кеңеш карап чыкты.

Сынактын жыйынтыгы боюнча 15 жеңүүчү аныкталды:

Б.Жунушева, Бишкек шаары;
Л.Самакова, Бишкек шаары;
Ш.Абдураимова, Баткен облусу;
А.Филиппова, Бишкек шаары;
Т.Коронова, Бишкек шаары;
З.Жаныбекова, Жалал-Абад шаары;
А.Акматова, Ысык-Көл облусу;
К.Добросельская, Чүй облусу;
А.Курманалиева, Бишкек шаары;
Е.Гончарова, Талас шаары;
Л.Серякова, Бишкек шаары;
Д.Орозбаева, Баткен облусу;
И.Бечелова, Жалал-Абад облусу;
А.Абдулаева, Ош шаары;
Г.Омурзакова, Ош облусу.

Сынакты Билим берүү жана илим министрлиги, "Балажан" Республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору уюштурган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: