№47 абакта Алмазбек Атамбаевди сүрөткө тарткан эки соттолуучу 15 күнгө камерага киргизилди
Социалдык тармактарда "Алмазбек Атамбаев абактагы сейилдөөдө" деген сүрөт тараган. Бул сүрөт боюнча Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы билдирүү таратты.
"Сүрөт 5-ноябрь күнү тартылган. Анда Атамбаев кечки текшерүүдөн кийин саат 16:10дор чамасында №47 түзөтүү колониясынын административдик аймагында болгон жана башка соттолгондор менен сүйлөшүп турган. Текшерүү учурунда соттолгон 1994-жылы туулган К.Б.га таандык уюлдук телефон табылган жана анын шериги соттолгон 1996-жылы туулган А.уулу Д. болгон.
№47 түзөтүү мекемесинин администрациясы соттолгон жарандар мекеменин ички эрежелерин бузгандыгы боюнча 15 суткага камерага киргизилди", - деп жазылат маалыматта.
Айта кетсек, азыркы тапта Атамбаев кармалган №47 түзөтүү абагына, мыйзамдагы ууру, кримтөбөл Камчы Көлбаев дагы которулган.
