super.kg logo

Төртүнчү кабаттан дарак аркылуу түшөм деген. Ошто жоокер кызматтан уруксатсыз кетүүгө аракет кылган

 

Ошто чек ара кызматынын жоокери кызматтан уруксатсыз кетүүгө аракет кылып, төртүнчү кабаттан секирген. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди.

Маалыматка ылайык, жоокер 2020-жылдын күз айында кабыл алынган.

"Жоокер жаш жоокерлер курсунан өтүп, бөлүктөн кетүүнү чечкен. Ошол эле күнү ал кызмат ордуна кайтарылган. Кийин жоокер төртүнчү кабаттан тигилип турган дарак аркылуу түшүүгө аракет кылган. Бирок дарактын бутактары аны көтөрө албай сынып, ал кулап түшкөн. Ошол замат ага тийиштүү чара көрүлгөн. Жана ата-энеси тарабынан эч кандай доомат болгон эмес. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган", - деп билдирет өздүк булак.

Бул маалыматты Мамлекеттик чек ара кызматы тастыктап, 19 жаштагы жоокердин абалы жакшы экенин, учурда ата-энеси карап жатканын айтты. Ошондой эле аскер прокуратурасы бул ишти карап жатканы жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
07.11.2020. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Службасы бутуп эле калган солдат экен го, и так эле кетмек экен.
07.11.2020. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nazira...,жакшылап окуу тууган 2020жылы деп турат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: