Бишкекте жаран 4 килограмм 694 грамм баңгизаты менен кармалды



Ички иштер министрлигинин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери мыйзамсыз баңгизат өстүрүү менен алектенген адамды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 32 жаштагы жаран боюнча аталган кызматка билдирүү келип түшкөн. Мындан улам аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Ыкчам иликтөө тобунун иш-аракеттеринин натыйжасында 1988-жылы туулган Ш.Э.нын жашаган жерине тинтүү жүргүзгөндө марихуана, героин табылган. Алардын салмагы 4 килограмм 694 граммды түзгөн. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.