Алдыда бир аптага карата аба ырайы. Кар жаап, күн табынан кайтат

Чүй жана Талас облустарында 7-ноябрда жана 8-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 9-ноябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. 10-11-ноябрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 8-ноябрда күндүз жана 9-ноябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 7-ноябрда жана 8-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 8-ноябрда күндүз Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. 9-ноябрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.
Ысык-Көл облусунда 7-8-ноябрда жана 9-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 9-ноябрда күндүз кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. 10-11-ноябрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 9-ноябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.


1 |